Путин Трампка көңүл айтты

Трампка көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү

841911
Путин Трампка көңүл айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын Техас штатындагы бир чиркөөдө 26 кишинин өлүмүнө себепчи болгон кол салууга байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Орус лидер: «Техаста болгон трагедиялуу окуяга байланыштуу көңүл айтамын. Чиркөөдө сыйынуу учурунда адамдардын өлтүрүлүшүнөн дагы катаал жана адам чыдагыс оор кылмышты элестетүү өтө кыйын»,-деп айтты.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, кол салууда каза тапкандардын бир тууган жана жакындарынын кайгыларын тең бөлүшкөндөрүн да айткан Путин, жаракат алгандардын болсо тезирээк сакайып кетишин тиледи.



Тектеш кабарлар