Москвада бомба дүрбөлөңү

Москвада 3 миң 500дөн ашуун киши эвакуацияланды

841217
Москвада бомба дүрбөлөңү

Орусиянын борбор шаары Москвада бомба кабарлары дүрбөлөң жаратты.

Орус маалымат агенттигинин коопсуздук булактарынан маалымдалгандай, борбор шаар Москвадагы Большой театры, «ГУМ» соода борбору жана Метрополь отелине бомба коюлгандыгы жөнүндөгү маалыматтардын себебинен 3 миң 500дөн ашуун киши эвакуацияланды.

Соода борбору, поезд станциясы, университеттер жана отелдер да арасында болгон 20дан ашуун имаратка карай жаңы эскертүүлөр айтылса, шаардын ар кайсы жерлериндеги аты аталган имараттардан миңдеген кишини эвакуациялоо ишинин башталганы билдирилди.

Орусиянын ар кайсы аймактарында 11-сентябрдан бери телефон аркылуу кабарланган бомба маалыматтарынын себебинен 1 миллион 400 миң киши эвакуацияланган болчу.

Ушул күнгө чейинки эскертүүлөрдүн бардыгы калп болуп чыкса, өткөн айдын ортосунан бери жалган маалыматтардын саны азайган эле.



Тектеш кабарлар