Малайзияда сел жана борошо

Селден улам 5 миң 478 киши аймактан чыгарылды.

841468
Малайзияда сел жана борошо

Малайзиянын түндүк  - батышындагы Пенанг жана Кедах провинциясында олуттуу жамгыр жаашы жол ачкан селден улам 5 миң 478 киши аймактан чыгарылды.

Мамлекеттик жарандык коргонуу директору Мохд Зул Каири Шамсуддин улантылып жаткан жамгыр жаашынан улам болушу мүмкүн болгон дагы чоң апааттарга даяр экендерин баса белгиледи. Селден улам аймакта бир топ жол унааларга жабылып, суу, телефон жана электр жолдору да зыян тартты.

Пенанг коопсуздук директору Ануар Омар кечээ билдирген маалыматында сел жана борошонун айынан 4 кишинин каза болгондугун, 2 миңге жакын кишинин аймактан чыгарылгандыгын билдирген болчу. Метеорологиядан кечээ берилген маалыматта катуу жамгыр жаашы жана борошонун бир канча убакыт дагы улантылары белгиленип, аймак калкынын даяр болушун эскерткен болчу.

 



Тектеш кабарлар