Кытай Антарктиданы ачуу үчүн жолго чыгат
"Xuelong" кемесинде 334 мүчөлүк бир экипаж кызмат кылат.
Уюлдук изилдөөлөр институтунун төрагасы жана проектинин жооптуу башчысы Ян Хейген шаршемби күнү Шанхай портунан чыга турган кеме "Xuelongдо" 334 мүчөлүк бир экипаждын кызмат кыларын айтты. Изилдөө группасы 36 миң милдик аралыкты басып өткөндөн кийин жолун келерки жылдын апрель айында аяктап Шанхайга кайтып келет.
34 - жолу жүргүзүлө турган саякат Кытайдын Антарктидада Росс деңизинин батыш жээктерине кура турган бешинчи изилдөө станциясын куруу даярдыктарынын негизинде бир топ эмгектерди аткарат.
Кытай андан мурда Антарктидада иштеген Changcheng жана Zhongshan станциялары менен жазгы станциялар Taishan менен Kunlunду ачкан.
Ишин бир жылдык алып бара турган бешинчи изилдөө станциясы бүткөндө Антарктидада көп сандаган илимий изилдөөнү көз карандысыз түрдө ишке ашырышы мүмкүн.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.