Хаманейден Путинге кызматташтык сунушу

Ирандын диний лидери Айетуллах Хаманей Орусиянын президенти В. Путинге АКШга каршы кызматташтык түзүүнү сунуш кылды.

839677
Хаманейден Путинге кызматташтык сунушу

Ирандын диний лидери Айетуллах Хаманей Орусиянын президенти В. Путинге АКШга каршы кызматташтык түзүүнү сунуш кылды. Хаманей борбор шаар Тегеранда кечээ Путин менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдөн бир күндөн кийин телекөрсөтүүдө элге кайрылды.

АКШнын Иран калкынын душманы экендигин айткан Ирандын диний лидери Хаманей өлкөсүнүн Вашингтондун 2015 -  жылы кол коюлган атомдук келишимге байланыштуу кысымына моюн сунушпай тургандарын белгиледи.

Орусиянын президенти Путинге да чакыруу салган Хаманей : «Биздин кызматташтыгыбыз АКШны жалгыз калтырышы мүмкүн»,- деди. Хаманей эки өлкөнүн АКШны изоляция кылуу жана Жакынкы Чыгышта ырааттуулук үчүн кызматташтык түзүшү керектигин айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар