Дүйнөнүн эң узун кабелине уруксат берилди

Даниянын энергетика жана климат министри Ларс Лилхолт Дания менен Англиянын ортосунда электр өткөрүү желесинин байланышын түзө турган 770 километр узундуктагы Викинг Линк кабелине уруксат берди.

838426

Дүйнөнүн эң узун электр өткөрүү кабели боло турган Викинг Линктин Даниянын Англия менен бирге Германияга да электр экспорттошунда колдонулары белгиленди.

1400 мегаваттык кабелдин Даниянын Түштүк Ютландия аймагынан Англиянын борбор шаары Лондондун 140 километр түндүгүнө чейин барат.

Көпчүлүгү түндүк деңизинин астынан өтө турган 770 километр узундуктагы кабелдин биринчи 75 километринин Дания, 630 километрге жакынынын деңиз астынан жана акыркы 65 километрдик бөлүгүнүн да Англиядан өтөрү белгиленди. 11 миллиард крон жумшала турган кабелдин 2022 – жылы ишке кириши күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар