Берлинде Израилге каршы митинг болуп өттү

Берлиндеги Палестина коомдору Германплац аянтында : «Газада Израиль кол салуучулугун токтоткула»,- деген ураан менен жүрүштү.

838679
Берлинде Израилге каршы митинг болуп өттү

Германиянын борбор шаары Берлинде жашаган палестиналыктар Газага карата кол салууларда 7 кишинин өлүмүнө, 12 кишинин жараланышына себеп болгон Израиль башкаруусуна каршы митинг өткөрүштү.

Берлиндеги Палестина коомдору Германплац аянтында : «Газада Израиль кол салуучулугун токтоткула»,- деген ураан менен митинг өткөрүштү. Палестина байрактары менен митингге чыккандар шейиттер үчүн шамдарды жагып, Израилге каршы ураандар менен жүрүштү.

Митингде Израилдин кол салуучулугунун токтотулушу сөз болду. Израиль жетекчилери мурунку күнү Газа тилкесинин тегерегиндеги бир туннелдин бомба менен жардырылгандыгын билдирип, Палестина башкаруусу куткаруу топторунун туннелдин урандыларынан 7 кишинин сөөгүн чыгаргандыгын, 12 кишинин жаралангандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар