Израиль туннелди жардырды: 8 киши каза болду

Израилдин Газа тилкесинин жакындарындагы бир туннелди жардырышы менен 8 киши каза болуп, 12 киши жараланды.

837681
Израиль туннелди жардырды: 8  киши каза болду

Израилдин Газа тилкесинин жакындарындагы бир туннелди жардырышы менен 8 киши каза болуп, 12 киши жараланды.

Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел -  Кудра  башкача айтканда Иерусалим бригадасы басма сөзгө берген маалыматына куткаруу топторунун туннелдин урандысынан 8 кишинин сөөгүн чыгаргандыгын, окуяда 12 кишинин да жаралангандыгын билдирди.

Исламдык Жихад Кыймылынын куралдуу катаны Серая ел  - Күдүстөн  берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да окуяда каза болгондордун төртүүсүнүн Иерусалим бригадасынын мүчөсү экендиги белгиленди.

Каза  болгондордун каны жерде калбай тургандыгы билдирилген маалыматта Израилдин бул кол салуусуна жооп берүү үчүн алдыларында түрдүү жолдордун ачык экендиги билдирилди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ел  -  Кассам бригадаларынан берилген маалыматта болсо кол салууда туннелдин урандысы астында калган жана куткаруу иштери учурунда каза болгон 2 кишинин Кассам бригадалары мүчөсүнөн экендиги белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар