Сауд арабиялык аялдар эми стадиондорго кире алышат
Аларга стадиондорго кирүү укугу таанылат
836605
Сауд Арабия аялдарга келээрки жылдан тарта үч чоң шаардагы стадиондорго кирүүгө уруксат бериле турганын билдирди.
Спорт башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда Рияд, Жидда жана Даммам шаарларындагы стадиондордо өткөрүлгөн спорттук иш-чараларга аялдар 2018-жылдан тарта үй-бүлө катары кире алышат.
Өлкөдөгү стадиондор бир гана эркектер кире алган аянттар болчу.