Германия, Польша жана Чехияда катуу борошо болду

Германия, Польша жана Чехияда болгон катуу борошодо 5 киши каза болду.

836946
Германия, Польша жана Чехияда катуу борошо болду

Германия, Польша жана Чехияда болгон катуу борошодо 5 киши каза болду. Чехияда  шамалдын ылдамдыгы 180 километрге жетти, поезд каттамдары токтоп, дарыялардагы суу деңгээли жогорулады. Польшада да  бир топ аймакта электр үзгүлтүктөрү болуп, 100 миңдеген үй электрсиз калды.

Бир жаратылыш газ копмлексинде жабыркаган куурдан жаратылыш газ чыга баштады.

Австрияда муз спортторунун Дүйнөлүк кубоктун ачылышы программасы токтотулуп, Германиянын Гамбург шаарында болсо борошо суу ташууларына себеп болду, лагерь курган бир киши болсо селге кабылды.

Германия темир жолдору өлкөнүн ички бөлүктөрү менен түндүгүнө карата каттамдар токтотулду. Бремен, Гамбург, Дрезден жана Лейпцигге поезд каттамдары жасала албай жатат. Дрездендеги футболдук беттешүүлөр да борошонун айынан токтотулду.



Тектеш кабарлар