Путин- Штайнмайер жолугушуусу

Эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген маселелер бар

834640
Путин- Штайнмайер жолугушуусу

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Орусия менен Германиянын ортосунда «ачык жаралар» бар экенин баса белгилеп: «Өзгөчө Крымдын аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы кагылышуулар, эки тараптуу карым-катнаштарыбыздын үстүндө жүк болууну улантат»,-деди.

Штайнмайер Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада өткөргөн жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берди.

Германия менен Орусиянын ортосундагы алакалардын нормалдуу деңгээлден алыстаганын баса белгилеген Франк-Вальтер: «Биз менен Орусия, учурдагы абалдын бизди канааттандырбай турганы темасында бирдей пикирдебиз»,-деп айтты.

Орусия менен Германиянын ортосундагы карым-катнаштарда «ачык жаралар» жана чечилбеген маселелердин бар экенин баса белгилеген Штайнмайер: «Өзгөчө Крымдын аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы кагылышуулар эки тараптуу карым-катнаштарыбыздын үстүндө жүк болууну да улатат»,-деди.

Путин болсо Франк-Вальтер менен жолугушуусунда Украина маселесинин каралганын белгилеп: «Украинанын түштүк-чыгышында ырааттуулуктун камсыздалуусу үчүн Минск келишимдеринин таасирдүү болушу темасында урматтуу Штайнмайер менен бирдей пикирдебиз. Украинага БУУнун Тынчтык күчү аскерлеринин жөнөтүлүшү темасын да ушул алкакта сүйлөштүк. Бардык кыйынчылыктарга карабастан өнүгүүсүн уланткан Орусия-Германия карым-катнаштарын дагы да бекемдөөнү каалап жатабыз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар