Ирак күчтөрү пешмергелер менен катуу кагылышты

Иракта Мусул облусунун Махмур районунда пешмерге жана Ирак күчтөрүнүн ортосунда катуу салгылашуу болгону билдирилди.

833595
Ирак күчтөрү пешмергелер менен катуу кагылышты

Иракта Мусул облусунун Махмур районунда пешмерге жана Ирак күчтөрүнүн ортосунда катуу салгылашуу болгону, каза тапкан жана жаракат алгандар бар экени билдирилди.

Махмур районундагы пешмерге командирлеринен полковник Зирян Шейх Весани, Иран колдогон Хашди Шаби жана ага түз колдоо көрсөткөн Ирак армиясынын Махмур районунун чек араларына карай илгерилеп бараткаынын себебинен пешмерге күчтөрү менен кагылышканын айтты.

Кагылышууда бир пешмерге каза болгонун белгилеген Весани, Ирактын бириккен күчтөрүнөн да каза тапкандар жана жаралуулар болгонун, бирок колдорунда так сан жок экенин, өзүнүн бөлүктөрүнө таандык 4 аскердик унаа өрттөлгөнүн маалымдады.

Бул кагылышуу тууралуу Ирак күчтөрү тарабынан кандайдыр бир маалымат келген жок.



Тектеш кабарлар