Панетта: «АКШ Орусиянын таасирдүүлүгүн тизгиндеши керек»

Панетта Путинге катуу мамиле жасалышы керектигин айтты

833444
Панетта: «АКШ Орусиянын таасирдүүлүгүн тизгиндеши керек»

АКШнын мурдагы коргоо министри жана Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы башчысы Леон Панетта, өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштарда Суук согуштун жаңы бөлүмүнүн ачылганын айтты.

АКШнын борбор шаары Вашингтондогу Гудзон институтунда уюштурулган конференцияда сөз сүйлөгөн Панетта, АКШнын Сирия менен катар Жакынкы Чыгышта маанилүү ролду милдеттениши жана Орусиянын аймактагы таасирдүүлүгүн тизгиндеши керектигин белгиледи.

Панетта: «Эгерде Орусиянын президенти Владимир Путинге катуу мамиле кылбасаңыздар, ал мындан пайдаланат. Ушул себептен АКШнын кызыл сызыктары болгонун Путинге түшүндүрүүсү абдан маанилүү»,-деди.

Панеттанын ою боюнча учурдагы АКШ башкаруусу, Москва менен болгон карым-катнаштарында анча жакшы кыймылдабай эле.

«Алардын кокустан жакшы балдар болушун күтө албайсыздар. Аларга каршы катуу болушуңуз керек. Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө аласыңар. Мурда биз да сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз жана ийгиликтүү болдук»,- деп уланткан Панетта, учурдагы баркарууну бул сүйлөшүүлөрдө күчтүү мамиле кылууга чакырды.



Тектеш кабарлар