Меркель ЕБнин Лидерлер саммитинде Түркияга каршы колдоо таба алган жок

Европа Биримдигинин Лидерлер саммитинде Түркияга каршы чыккандар аз болду.

830825
Меркель ЕБнин Лидерлер саммитинде Түркияга каршы колдоо таба алган жок

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин Лидерлер саммитинде Түркияга каршы чыккандар аз болду.

Германиянын канцлери Ангела Меркель, саммиттин биринчи күнүнүн аягында өткөргөн маалымат жыйынында өлкөсүнүн талабы боюнча Түркия менен болгон карым-катнаштарды карап чыккандарын белгилеп, «Сүйлөшүүлөрдүн дароо токтотулушу боюнча көпчүлүк жок»,-деди.

Бир тараптан учурдагы абал тууралуу жалпы шек саноо сезими үстөмдүк кылганын айткан Меркель, Түркия менен диалогдун уланышын жактагандарын лидерлерге билдиргендерин баяндады.

Саммитте санааркоолор айтылганын белгилеген Меркель: «Бирок акыркы жыйынтыкка келе турган болсок көпүрөлөрдүн кулатылбоосу багытында жалпы каалоо көрүндү. Комиссиядан мүчөлүктүн алдындагы колдоо фонддору кантип токтотула турганы же болбосо кайрадан иштелип чыга турганы тууралуу сунуш даярдалышын талап кылдык. Бирок мындан кийинки кадам Түркия менен байланыш түзүү болушу керек",-деп айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу талабы боюнча жалгыз калган Меркелдин мүчөлүктөн мурда колдоо фонддорун азайтуу талабын болсо бир гана Бельгия жана Нидерландиянын колдогону белгилүү болду.

Колдоо фондунан 2014-2020-жылдар аралыгы үчүн бөлүнгөн 4,5 миллиард евронун ушул убакка дейре болгону 257 миллион евросу Түркияга которулду. Ушул себептен Меркелдин азайтуу талабынын иш жүзүндө аткарыла турган жагы жок экенине сереп салынууда.



Тектеш кабарлар