Калифорнияда Гепатит А оорусунан каза болгондордун саны 19га жетти
Жугуштуу вируска каршы тийиштүү чаралар көрүлүп жатат
830108
АКШнын Калифорния штатында Гепатит А оорусунан каза болгондордун саны 19га жетти.
Штатта ноябрь айынан бери көпчүлүгү үйсүз 500дөн ашуун кишиге Гепатит А вирусунун жукканы айтылууда.
Калифорния губернатору Жерри Браун жуманын аягында Гепатит А эпидемиясын алдын алуу максатында Калифорния штатында Лос-Анжелес, Сан-Диего жана Санта-Круста өзгөчө кырдаал жарыялаган болчу.
Сан-Диегодо өткөн айда Гепатит А оорусуна каршы күрөшүүнүн алкагында үйсүздөр жашаган көчөлөр менен катар шаардын айрым жерлеринин үзгүлтүксүз агартуучу менен жуулушуна чечим чыгарылган.
Шаарда айрыкча ушул максатта 19 миң кишинин эмделгени билдирилген.