Орусияны террордук уюм коркутуп жатат

Террордук уюм ДЕАШ, 2018-жылы өтүүчү Дүйнөлүк кубокко кол сала тургандарын билдирди

829602
Орусияны террордук уюм коркутуп жатат

Террордук уюм ДЕАШ, 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнөлүк кубокко кол салам деп коркутту.

Сирия жана Иракта көзөмөлгө алган жерлерден сүрүлүп чыгарылган ДЕАШ, бир көрүнүш жарыялап 2018-жылы Орусияда өткөрүлө турган Дүйнөлүк кубокко кол сала тургандарын билдирди.
Жарыяланган көрүнүштө, мылтыкчан ДЕАШ террористтинин уюмдун логотиби орун алган бомба менен чогуу Дүйнөлүк кубоктун жанында турганы көрүнөт.

2018-жылдын 14-15-июлунда өтө турган дүйнөнүн эң престиждүү футбол турнири Орусиядагы 11 башка шаарда болот.

Финал болсо борбор шаар Москвадагы «Лужники» стадионунда өткөрүлөт.

ДЕАШ өткөн жумада да АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин октор тийген фотосүрөттөрү орун алган көрүнүштү жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар