Шойгу: «Сирияда операция аяктап калды»
Шойгу израилдик кесиптеши менен жолугушту
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сирияда террористтерге каршы жүргүзүлгөн операциянын аяктап калганын белгиледи.
Израилге расмий сапар менен барган Шойгу, израилдик кесиптеши Авигдор Либерман менен жолугушуусунда: «Сирияда операция аяктап калды. Чукул чечилүүсү керек болгон бир канча маселе бар. Сириянын келечектеги өнүгүүсү да каралуусу зарыл»,- деп айтты.
Орусия менен Израилдин ортосунда талкуулана турчу көптөгөн теманын бириккенин да айткан Шойгу: «Эки тараптуу аскердик жана техникалык кызматташуу менен катар албетте эң негизги темалар, террорго каршы күрөшүү жана аймактагы кырдаал боюнча,- деди.
Орус министр: «Дүйнөдөгү террордук кол салуулар күчөгөн шарттарда, эл аралык коомчулуктун буга каршы күрөшүүдө тилектештикке муктаждыгы бар»,-деп айтты.
Шойгу сүйлөшүүлөрдүн бири-бирлерин дагы жакшы түшүнүүлөрүнө жана Орусия менен Изарилдин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы досчо алакалардын бекемделишине жардамчы болоорун билдирди.