Ирак армиясы Керкүктө көзөмөлдү камсыздады

Ибадинин Керкүккө бара турганы да билдирилди.

828368
Ирак армиясы Керкүктө көзөмөлдү камсыздады

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, Ирак армиясынын эми Керкүктүн айланасында көзөмөлдү камсыздаганын айтты.

Ибадинин Керкүккө бара турганы да билдирилди.

Борбордук башкаруу менен Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) ортосунда күчөгөн чыңалуудан кийин Ирак армиясы мурдагы түнү Керкүктөгү аскердик база жана мунай зат кудуктарын колго алыш үчүн операция жүргүзө баштаган.

Ирактык күчтөр Керкүк аэропортун, Түндүк мунай зат фирмасы, Кейван аскердик базасы, Керкүктүн электр энергиясын текшерүүчү штабы жана жаратылыш газ резервдери сыяктуу стратегиялык жерлерде көзөмөлдү камсыздады.  Ирактын Мунай зат министрлиги  армиянын калган мунай зат аянттарын көзөмөлгө алуусунун да дароо боло турганын жарыялады.

Керкүктүн Ирак армиясы жана Хашди Шаби согушкерлеринин көзөмөлүнө өтүшүнөн кийин Керкүк чебине түркмөн желеги илинди. Түркмөн желегинин чепке илинишине араб, түркмөн жана күрттөрдүн бергелешип чечим чыгарганы белгиленди.

Күрдистан мекен сүйүүчүлөр биримдигине караштуу пешмергелердин буктурмаларды таштап кетиши болсо пешмергелердин ортосунда кризис жаратты.

Француз маалымат агенттиги AFP, Ирак күчтөрү менен болгон кагылышууларда 10 пешмергенин каза болгонун жарыялады.

Бир тараптан Ирак армиясынын Мусулга караштуу Шенгалга да киргени жана бул жерде көзөмөлдү камсыздаганы жарыяланды.

Пешмерге чегингени жана аймакта кандайдыр бир кагылышуу болбогону келген маалыматтардын арасында...

Шенгалга кирген Хашди Шабинин мүчөлөрүнүн саны 500-600 чакты экени, Федералдык прлиция жана армия күчтөрүнүн болсо шаардын борборуна кирбестен айланасында күткөндөрү белгилүү болду.



Тектеш кабарлар