Түндүк Корея АКШга чакырык салды

Түндүк кореялык парламентар, Пхеньяндын атомдук программасынын өлкөсүнүн көз карандысыздыгын коргоону максаттаганын белгилеп өттү.

827577
Түндүк Корея АКШга чакырык салды

Түндүк Корея Парламентинин биринчи орун басары Тонг Чун, АКШга өлкөсүнө багытталган душмандык саясаттарынан баш тартуу чакырыгын салды.

Орусиянын Санкт-Петербуг шаарында уланган Парламенттер аралык Биримдик саммитинде сөз сүйлөгөн Чунг: «АКШнын Түндүк Кореяга каршы душмандык саясатын соңуна чыгаруусун каалайбыз»,-деди.

Түндүк кореялык парламентар, Пхеньяндын атомдук программасынын өлкөсүнүн көз карандысыздыгын коргоону максаттаганын белгилеп өттү.

Чунг: «Өлкөбүздүн жашоосуна кастык кылынганын жана АКШ тарабынан жок кылынуу коркунучуна дуушар болгонубузду жарыялагыбыз келет. Тарых өзүбүздү-өзүбүз коргообуз керектигин далилдеп жатат жана атомдук программаларыбыз баш тарттырууга карай болуп, көз карандысыздыгыбыздын корголушун максаттайт»,-деп айтты.

Бул учурда CNNге маалымат берген АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон: «Алгачкы бомба түшкөнгө дейре Түндүк Корея кризисин дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракеттенүүбүздү улантабыз»,-деди.

Трамптын Түндүк Корея менен согушкусу келбегенин баса белгилеген Тиллерсон: «Маселенин дипломатиялык жолдор менен чечилишин каалайт, согушту баштоо ниети жок. Дипломатиялык аракеттер алгачкы бомба түшкөнгө дейре уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар