Ирак армиясы Керкүктө...

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, куралдуу күчтөргө Керкүктө бардык калк катмарынын жан коопсуздугун коргоо буйругун берди.

827509
Ирак армиясы Керкүктө...

Ирактын коопсуздук күчтөрү Керкүктөгү аскердик база жана мунай зат кудуктарын алыш үчүн иш-аракетин баштады.

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, куралдуу күчтөргө Керкүктө бардык калк катмарынын жан коопсуздугун коргоо буйругун берди.

Мамлекеттик телеканалынын маалыматында, «Премьер-министр Хайдар аль-Ибади, куралдуу күчтөргө Керкүктө орун алган бардык калк катмарынын жан коопсуздугун коргоо буйругун берди»,делди.

Ибади Керкүктө коопсуздуктун камсыздалышы үчүн шаар калкы жана пешмерге менен да кызматташуу керектигин талап кылды.

Маалыматта айрыкча террор менен күрөшүү күчү 9-бригада жана федералдык полициянын Керкүктө кагылышуу болбостон кеңири бөлүмдө көзөмөлдү камсыздаганы белгиленип, Ибадинин «Биргелешкен операциялар командирлигинин астында орун алган Хашди Шаби да куралдуу күчтөргө Керкүктүн тышында колдоо көрсөтөт» деген сөздөрүнө орун берилди.

Мамлекеттик телеканалы экранынын оң бурчуна; «Максатыбыз Керкүк калкынын саламаттыгы» деген жазуусун койду.

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) коопсуздук агенттигинин Твиттер эсебиндеги жарыясында да Ирак күчтөрү жана Хашди Шабинин Керкүктүн түштүгүндөгү Тазехурматудан жапырт чабуулга өткөнү айтылды.

Анда аты аталган күчтөрдүн максатынын Керкүк шаарына кирип пешмергенин көзөмөлүндөгү , «К1 аскердик база» жана мунай зат кудуктарын алуу болгонун белгилеп кетти.

Ирактын биргелешкен операциялар командирлиги болсо Керкүктөгү куралдуу топторго борбордук башкаруу күчтөрүнө ок атпоо эскертүүсүн кылды.

Командирликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Керкүктө куралчан топторду борбордук башкарууга караштуу күчтөргө карай ок атпоо боюнча эскертебиз»,деп айтылды.

Пешмергенин командирлеринен полковник Салар Теймур, Керкүктүн шаар борборунун түштүгүндөгү Тазехурмату районунун жакын жеринде Ирак армиясы жана Хашди Шабинин өздөрү жайгашкан буктурмаларга ок атканын айтып, кагылышуу уланып жатканын белгилеген.



Тектеш кабарлар