Түндүк Корея АКШны кайра коркутту...

Түндүк Корея, Гуам аралына шилтеме кылып АКШга каршы эң катуу чараларды көрүү үчүн «колдору машага баратканын» жарыялады.

826460
Түндүк Корея АКШны кайра коркутту...

Түндүк Кореянын АКШны жаңы коркутуусу...

Түндүк Корея, Гуам аралына шилтеме кылып АКШга каршы эң катуу чараларды көрүү үчүн «колдору машага баратканын» жарыялады.

CNN канылынын кабарчысы Уилл Риплинин маалыматына караганда Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги «мындан мурда АКШга каршы чараларды көрүү темасында көп жолу эскертүү жасалганын» эске салып, буга Гуамга жакын жерде ракеталар менен чачырап  атылуучу октун да кошулганы белгиленди.

Түндүк Кореянын жарыясында, «АКШнын аскердик кыймылдары, АКШнын ок менен тарбияланышы керектиги темасындагы чечкиндүүлүгүбүздү дагы да бекемдөөдө жана эң катуу чараларды көрүш үчүн колубуздун машага барышына уруксат берүүдө»,делди.

Түндүк Корея, август айында Гуамга карай чабуул даярдыктары болгонун билдирип, андан кийин аралды атуу планы үчүн иш-аракетке өтүүдөн мурда АКШнын кыймыл аракеттерин дагы бир аз байкай тургандарын жарыялаган.

Августтун акырында болсо Япониянын үстүнөн өткөн баллистикалык ракета сыноосунан кийин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, мунун Гуамга жасала турган операциянын алгачкы кадамы экенин айткан.



Тектеш кабарлар