Балдар мектепке бара албай калды

ЮНИСЕФ жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады

825429
Балдар мектепке бара албай калды

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) Йеменде кыз балдардын 31 пайызынын билим алуу укугунан ажыратылганын билдирди.

ЮНИСЕФтин Йемендеги өкүлчүлүгүнүн социалдык медиа баракчасынан жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Өлкөдө кагылышуулардын уланышы билим берүү деңгээлине көлөкө түшүрүүдө жана абалды дагы да начарлатууда»,-деп айтылды.

ЮНИСЕФтин өткөн айдагы билдирүүсүндө, Йеменде 166 миңден ашуун мугалимдин 2016-жылдын октябь айынан бери айлык акыларын ала албаганы, өлкөдө 4,5 миллиондон ашуун окуучунун да мектепке бара албай калганы белгиленген болчу.



Тектеш кабарлар