Түркия менен АКШнын ортосундагы виза кризисине Пентагондун сереп салуусу

АКШнын Коргоо министрлигинин (Pentagon) басма сөз катчысы полковник Мэннинг, Пентагондо өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

824550
Түркия менен АКШнын ортосундагы виза кризисине Пентагондун сереп салуусу

АКШнын Коргоо министрлигинин (Pentagon) басма сөз катчысы полковник Мэннинг, Түркия менен АКШнын виза процедураларын эки тараптуу токтоткону боюнча келип чыккан кризистин Америка армиясынын Түркиядагы операцияларына таасир этпей турганын жарыялады.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Pentagon) басма сөз катчысы полковник Мэннинг, Пентагондо өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркия менен АКШнын ортосундагы виза процедураларынын эки жактуу түрдө токтотулушу темасында Мамлекеттик депаратаменттин дагы кеңири маалыматка ээ экендигин айткан Мэннинг: «Түркия коалициянын күчтүү өнөктөшү жана эң жакын НАТО шериктешибиз болуп саналат. Бул абалдар ал жердеги операцияларыбызга жана кызматкерлерибизге таасир этпей турганын тастыктаймын»,-деп айтты.

Мэннинг сөзүн: «Инжирликте жайгашкан Түрк аба күчтөрүнүн элементтери, НАТО жана коалициянын алкагындагы маанилүү ролун аткаруусун улантат. Инжирлик жана Түркиянын башка базаларынан жүргүзүлгөн ДЕАШка каршы операцияларыбыз, Түрк шериктештерибиз менен жакын координация жана толук колдоо менен уланууда. Биздин биргелешкен жана өзүнчө операцияларыбыз да ошондой эле координация менен уланат»,-деп улады.

Куралдуу террор уюму ФЕТӨгө байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында АКШнын Стамбулдагы Башкы консулдук кызматкери Метин Топуздун доо коюлган айрым мурдагы коопсуздук жана сот кызматкерлери менен байланышы белгиленди жана Топуз Стамбул Республикалык прокуратурасынын террор жана уюшкан кылмыштарды териштирүү кеңсеси тарабынан, «Конституциялык тартипти бузуу аракети», «Тыңчылык» жана «Түркия Республикасынын өкмөтүн кулатууга карай аракет» айыптары менен кармалган.

Бул боюнча АКШнын Мамлекеттик департаменти каршылык көрсөткөн. Түркиянын тышкы иштер министрлиги да Топуз тууралуу, «2017-жылдын 25-сентябрында террор менен байланышы болгону кылмыштары менен кармалганын жана ошондой эле кармалган кишинин АКШнын Консулдугунун расмий тизмесинде катталган кызматкер болбогону сыяктуу эле кандайдыр бир дипломатиялык же консулдук иммунитке да ээ эмес»,деген маалымдоону жасаган.

Бул абалдардан кийин АКШнын Түркиядагы бардык дипломатиялык миссияларындагы мигрант болбогон виза берүү процедураларын токтотконун жарыялаганы боюнча Түркиянын Вашингтондогу Элчилиги да «АКШдагы бардык миссияларыбызда АКШ жарандарына виза берүү процедуралары токтотулду» деген маалыматты жарыялаган.



Тектеш кабарлар