Страсбургда ПКК чатагы

Страсбургда орун алган Европа Кеңешинин имаратынын алдындагы унаа токтоочу жай, Губернаторлук чыгарган токтом менен убактылуу жабылды.

824902
Страсбургда ПКК чатагы

Францияда Страсбург губернаторлугу Европа Кеңешинин кызматкерлери колдонгон унаа токтотуучу жайын жикчил террор уюму ПККны жактоочулардын чатыр тигип митинг өткөрүүсү үчүн бөлүп берди.

Страсбургда орун алган Европа Кеңешинин имаратынын алдындагы унаа токтоочу жай, Губернаторлук чыгарган токтом менен убактылуу жабылды.

Унаа токтоочу жер Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) 9-13-октябрь күндөрүнүн аралыгында болуучу Башкы ассамблеянын жыйыны убагында жикчил террор уюму ПККны жактоочулардын колдонуусу үчүн берилди.

Европа Кеңеши бул тема тууралуу кызматкерлерине жиберген жазууда, «Страсбургдун Бас-Рейн губернаторлугу, 9-13-октябрь күндөрүнүн аралыгында Европа Кеңешинин алдында акция өткөрө турганын билдирди. Буга кошумча тышкарыдан келе турган митингчилердин колдонуусу үчүн Кеңештин имаратынын маңдайындагы унаа токтоочу жерге бул күндөр аралыгында чатыр тигилет»,деген сөздөр орун алды.

Жазууда, митингдин коопсуздук булактары тарабынан жакындан байкалганы белгиленип, иштегендердин эскертүүлөрдү эске алуулары талап кылынды.

Террор уюмун жактоочулар, Европа Кеңешинин кызматкерлери колдонгон унаа токтотуучу жерде кечээ тигилген чатырдан тышкары террор уюмунун корбашчысы Абдуллах Өжаландын эркин кое берилиши максаты менен Европанын шаарларын кыдыра тургандарын жарыялашып, бир автобусту токтотуп алып пропагандасын кылды.



Тектеш кабарлар