Аракандык мусулмандар Бангладеш чек арасында күтүшүүдө

Бул жердеги аракандык мусулмандардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн Тамбур Базар шаарына барышына уруксат берилүүдө.

824729
Аракандык  мусулмандар Бангладеш чек арасында күтүшүүдө

Мьянмада армия менен буддисттердин арасында 25 -  августтан бери болуп жаткан кол салуулардан качкан 6.300 аракандык мусулмандын көптөгөн күндөрдөн бери Бангладеш чек арасында күтүп жаткандыгы билдирилди.

Бангладеште чыккан "The Dailystar" гезитинин кабарына караганда Маунгдав шаарындагы түрдүү айылдардан качып Бангладеш чек арасындагы тарапсыз аймак Наихянгчариге келген аракандык мусулмандарга карата медициналык жана гуманитардык жардамдардын бир бөлүгү Бангладеш чек ара гвардиясы тарабынан берилүүдө. Бул жердеги аракандык мусулмандардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн Тамбур Базар шаарына барышына уруксат берилүүдө, бирок  соода кылгандан кийин аймакка кайтып келүүлөрү керек. Бир тараптан аракандык мусулмандар Мьянма өкмөтүнүн Бангладеш чек арасына мина жайгаштыргандыгы жана көп сандаган кишинин бул миналарды басуу менен каза болгондугу билдирилүүдө.



Тектеш кабарлар