Абадан кол салуу болду

Кол салган учактын кимге таандык экени азырынча белгисиз

822791
Абадан кол салуу болду

Сириянын Түркия чек арасындагы Идлиб областына караштуу Марет Нуман районундагы базарга абадан кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 12 жаран каза тапты.

Кол салуудан жаракат алган 15 жаран да аймактагы Саламаттык сактоо борборлоруна жеткирилди.

Жаракат алгандардын айрымдарынын абалынын оор болушунун себебинен каза тапкандардын санынын көбөйүмү мүмкүн экени айтылууда.

Издеп-куткаруу иштери үчүн Жарандык коргонуу топтору окуя болгон жерге барышты.

Кол салган учактын кимге таандык экени азырынча белгисиз.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб областты Түркия, Орусия жана Иран тарабынан Казакстандын борбор шаары Астанада түзүлгөн келишимдин алкагында чыңалууну азайтуу максатында кагылышуусуз аймак катары белгиленген болчу.


Этикеткалар: #районундагы , #Астанада

Тектеш кабарлар