АКШда NATE борошосу
NATE борошосунда 26 киши каза тапты.
822275
Борбордук Америкада 26 кишинин каза болушуна жол ачкан NATE борошосу саатына 100 километрге жакын ылдамдык менен Мексика жээгинен АКШга карай баратат.
Миссисипи жана Луизиана аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Луизианада жээк аймактарда жашагандардын аймакты бошотушуна чечим чыгарылды.
Миссисипиде 11 убактылуу баш калкалоо борбору курулду. Америка борошо борбору тропикалык борошо NATEнин деңиз деңгээлинин жогорулашына жол ачышы мүмкүн экендигин билдирди. Борошодон улам Мексика булуңундагы нефть фирмаларынын кызматкерлери да аймактан чыгарылды.