Хикки Хейли Сирия режими зарин газын колдонгонун жарыялады

Никки Хейли, Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун (OPCW) Сирияда Асад режиминин уулуу зарин газын колдонгону тууралуу жаңы маалыматтарга жеткендерин жарыялады.

821254
Хикки Хейли Сирия режими зарин газын колдонгонун жарыялады

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун (OPCW) Сирияда Асад режиминин уулуу зарин газын колдонгону тууралуу жаңы маалыматтарга жеткендерин жарыялады.

Никки Хейли, жазуу түрүндөгү жарыясында БУУ жана OPCW тарабынан түзүлгөн Биргелешкен териштирүү миссиясы (JIM) тапкандарынын Сириянын түндүгүндө 30-мартта Хан Шейхунга кол салуудан 5 күн мурда зарин газы колдонулганын ортого чыгаргандарын маалымдады.

Никки Хейли, «OPCW, Сирия режиминин уулуу зарин газын колдонгонунун башка дагы бир мисалын жарыялады»,-деп айтты.

Асад режиминин көп жылдардан бери сириялык карапайым адамдарды өлтүрүү жана жок кылуу үчүн химиялык куралдарды колдонгонун, бул куралдарга ээ болгону жөнүндө жалган айтканын жана OPCW менен кызматташууну четке кагуусун улантканын белгилеген Хейли: «Сирия режими кылган кылмыштары үчүн жооп бермейинче келечектеги химиялык курал менен кол салууларга бөгөт боло албайбыз»,-деген серебин салды.

Асад режими 4-апрелде Идлибге караштуу Хан Шейхун аймагында химиялык курал менен 100 жаранды өлтүргөн, 500 чакты жаранды да жаралаган.

БУУнун Эл аралык көз карандысыз Сирия боюнча изилдөө комиссиясы Асад режиминин Хан Шейхунга химиялык курал таштаганда зарин газын колдонгонун тастыктаган.



Тектеш кабарлар