Америкада жаңы коркунучтуу шамал

Катуу шамал бороонго айланышы мүмкүн

821482
Америкада жаңы коркунучтуу шамал

Америка материгинде жаңы тропикалык шамал болуп жатат.

«Нейт» деп аталган тропикалык шамал Борбордук Америкада 22 кишинин өмүрүн алды.

Катуу шамал Никарагуа, Коста-Рика жана Гондураста таасирдүү болууда.

Никарагуада селдин айынан 11 киши каза болуп, 7 киши дайынсыз жоголду.

Коста-Рикадагы катуу жамгырдан да 2си бала 8 киши каза тапты. 17 киши болсо дайынсыз жоголду.

7 миңден ашуун киши үйүн таштап кеткен өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Мектептер, мамлекеттик жайлар жана банктар убактылуу жабылды.

Гондураста 2, Сальвадордо да 1 киши көз жумду.

Мексика булуңуна карай жылып бараткан шамалдын күчтөнүп бороонго айлана турганы божомолдонууда.

АКШда «Харви» жана «Ирма» бороонунун чыгымдарын толтурууга аракет кылган аймак кайрадан коркунучта турат.

Флоридадан Техаска чейинки аймакта элге даярдык көрүү чакырыгы айтылды.



Тектеш кабарлар