Европа парламенти Крымда татарларга карата зулумчулукту токтотуу керектигин суранды

Старсбургда чогулган Европа Парламентинин  Жалпы Кеңешинде Крым татарлары тууралуу  сөз болду.

821121
Европа парламенти Крымда татарларга карата зулумчулукту токтотуу керектигин суранды

Европа парламенти Орусия аннекция кылган Крымда татар калкына каршы жасаган зулумчулукту токтотушу керектигин суранды.

Старсбургда чогулган Европа Парламентинин  Жалпы Кеңешинде Крым татарлары тууралуу  сөз болду.

Крым татар улуттук парламентинин төрагасынын орун басарлары Илми Үмеров жана Ахмет Чийгөзгө абак жазасынын берилишин сынга алган Европа Парламентинин мүчөлөрү чечимдер адам укуктарына тескери деген негиз менен кайра алынышын суранды.

Татар лидерлеринин  койо берилишин, журналист Микола Семена тууралуу бардык күнөлөөлөрдүн да төмөндөтүлүшүн талап кылган депутаттар террор, бөлүүчүлүк жана ашыкча кыймылдар тууралуу мыйзамдардын ишке ашырылышынын Крымда адам укуктарында олуттуу маселелерге жол ачкандыгын белгиледи.

Европа Парламентинин мүчөлөрү айрыкча Крымдын аннекциясынын мыйзам тышы экендигин, Орусия жана Украина тарабынан кол коюлган эл аралык жана Европа мыйзамдарын бузгандыгын баса белгиледи. Андан кийин Крымдагы адам укуктарынын бузулгандыгына көңүл бурулган жана Крым татарларына карата зулумчулук айыпталган долбоор бекитилип кабыл алынды.

Баш ийдирүүчүлүгү болбогон долбоордо Европа Биримдиги кеңешинен Украинаны Эл аралык адилеттик кеңешинде Орусияга каршы ачкан «террорго колдоо берүү,  Крымда украиналыктарга жана татарларга карата бөлүүчүлүк кылууга» байланыштуу  доонун колдоого алынышы талап кылынды.

Орусия 2014 -  жылы Украина жери болгон Крымды аннекция кылып, андан кийин да Крым татар парламентинин иштерин токтоткон болчу. Крымда иш алып барган орус соттору да өткөн айда татар лидерлер Илми Үмеровду 2 жылга, Ахмет Чийгөздү да 8 жылга абак жазасына тарткан болчу.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар