Германияда дагы бомба табылды

Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомбанын жок кылынышы үчүн 10 миң киши аймактан эвакуацияланат

818965
Германияда дагы бомба табылды

Германиянын борбор шаары Берлинде эски поезд станциясында жүргүзүлгөн курулуш иштери убагында Экинчи дүйнөлүк согуштан калган 250 килограмм салмактагы бомба табылды.

Берлин полициясынын билдирүүсүндө, бомбанын жок кылынышы үчүн 10 миң кишинин аймактан эвакуациялана турганы маалымдалды.

Көчөлөр менен жолдорду жабуу иштери аяктаганы жана адамдарды эвакуациялоо иштери башталганы билдирилди.

Германияда акыркы жолу өткөн айдын башында Франкфурт шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомбанынын табылышынан кийин 60 миңден ашуун киши авакуцияланган болчу.



Тектеш кабарлар