АКШ менен Орусиянын башкы штабынын башчылары сүйлөштү

Телефон сүйлөшүүсү АКШнын талабы боюнча өткөрүлдү

819007
АКШ менен Орусиянын башкы штабынын башчылары сүйлөштү

Орусиянын жана Американын Башкы штабынын жетекчилери Жакынкы Чыгышты талкуулашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги, башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов менен америкалык кесиптеши Жозеф Данфорддун кечээ өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө, Жакын Чыгыштагы абалды карагандарын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, телефон сүйлөшүүсүнүн АКШнын талабы боюнча өткөрүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө сүйлөшүү убагында Жакын Чыгыш аймагындагы кырдаал туурасында пикир алмашылып, эки жетекчинин тартиптүү сүйлөшүүлөрдү улантуу темасында макулдашкандары айтылды.



Тектеш кабарлар