Вануатуда жанар тоо кыймылга өттү

Амбае аралындагы 11 миң киши аймактан чыгарыла баштады.

818361
Вануатуда жанар тоо кыймылга өттү

Тынч океан өлкөсү Вануатуда Манаро Воуи жанар тоосу аракетке өттү. Жанар тоодон атырылган таштар жана уулуу газдардан улам Амбае аралындагы 11 миң киши аймактан чыгарыла баштады. Аймакты бошотуу иштерине Австралиядан да материалдык жардам келди.

Жер титирөө жана вулкан муунунда жайгашкан Вануатада көп сандаган активдүү жанар тоо бар. 2005 -  жылы Манаро Воуи жанар тоосунун аракетке өтүшү мене миңдеген киши Амбаеден чыгарылган болчу.



Тектеш кабарлар