Конгодо учак кырсыгы
Кырсыкта 12 аскердик кызматкер каза болду.
818565
Конго демократиялык республикасында болгон аскердик учак кырсыгында 12 аскердик кызматкер каза болду. Коргоо министри Криспин Атама Табе жуманын акырында өлкөнүн чыгышындагы Нселе аймагында учак кырсыгынын болгондугун айтты. Табе Букаву шаарына барган аскердик учакта орун алган бардык аскердик кызматкердин кырсыкта каза болгондугун белгиледи. Учактын кырсыкка учуроо себебин изилдөө үчүн териштирүү ачылды. Өлкөдө акыркы жолу 2003 - жылы 8 - майда болгон аскердик учак кырсыгында 200гө жакын киши каза болгон болчу.