Франциядагы кол салууну ДЕАШ моюнга алды
Кол салууда 2 аял каза болгон.
818027
Кечээ Франциянын Марсель шаарында поезд станциясында болгон жана 2 аял каза болгон бычактуу кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.
Өлкөнүн түштүк чыгышында жайгашкан Марселдин Санкт – Чарлес станциясында болгон окуяда бычактуу бир адам кишилерге кол салып, 2 аялдын каза болгондугу, кол салуучунун атылгандыгы билдирилген болчу.
Франциянын ички иштер министри Герард Колломб кол салуунун террордук кыймыл болушу мүмкүн экендигин белгилеген болчу.