Францияда чыккан өрттө 4төөсү түрк болгон 5 киши каза тапты

Каза болгондордун төртөөсүнүн бала экендиги белгиленди.

818397
Францияда чыккан өрттө 4төөсү түрк болгон 5 киши  каза тапты

Франциянын чыгышындагы Мюлуз шаарында түрктөр көп жашаган бир имаратта чыккан  өрттө 4 түрк жараны болгон 5 киши каза тапты. Каза болгондордун төртөөсүнүн бала экендиги белгиленди.

Бурцвиллера аймагында чыккан өрттө 8 кишинин да жаралангандыгы, дарыланып жаткан жаралуулардан үчөөсүнүн абалынын оор экендиги белгиленди.

Өрт өчүргүчттөр имараттагы 20дан ашуун кишини куткарышты. Өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз.

Мюлуз шаары Франциянын Швейцария жана Германиянын чек арасынын кесилишкен жеринде жайгашкан.



Тектеш кабарлар