АКШ-Түндүк Корея чыңалуусу кайрадан курчуду

Эки өлкө катуу тирешүүдө

818026
АКШ-Түндүк Корея чыңалуусу кайрадан курчуду

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Кытайга сапарында Түндүк Корея менен байланыш каналдарынын ачык экенин билдиришинен кийин президент Дональд Трамптан кызыктай жооп келди.

Дональд Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшүү аракетин «убакытты коротуу» катары мүнөздөдү.

Трамп Твиттер аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, Тиллерсон менен сүйлөшүп ага убакытын текке кетиргенин айтканын белгиледи.

Дональд Трамп: «Энергияңды бекер коротпо Рекс, жасалышы керек болгондорду аткарабыз»,-деп айтты.

Рекс Тиллерсон кечээки билдирүүсүндө, Корея жарым аралындагы чыңалууну басаңдатууга чакырып, Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун токтотушу керектигин айткан болчу.

Кытайдын Пхеньян башкаруучулугун ядролук программасын токтотушуна катара сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоого көндүрүү үчүн абдан аракет кылып жатканын айткан Тиллерсон, «дароо жасалышы керек болгондун чыңалуунун азайтылышы» экенин айтты.

Бир тараптан Түндүк Кореянын чыңалууну күчөткөн сөздөрү да уланып жатат.

Түндүк Кореянын Азия-Тынч океан тынчтык комитетинен аты билдирилбеген бир катчы, АКШнын душманча кыймылдарын токтотпогон учурда, бул өлкөнү «от деңизине» айландырууга даяр экендиктерин айтып коркутту.

Билдирүүдө Трамп үчүн айтылган «акылынан айныган киши» сыяктуу сөздөр көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар