АКШ менен Түндүк Корея согушканы турабы?

Ли Юн Хо, Американын учактарын ата ала тургандарын айтты.

814268
АКШ менен Түндүк Корея согушканы турабы?

Түндүк Кореянын тышкы иштер минисртри Ли Юн Хо, Американын учактарын ата ала тургандарын айтты.

Юн-Хо, АКШнын президенти Дональд Трмаптын өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзү менен өлкөсүнө согуш жарыялаганын белгилеп; «Аба мейкиндигибизге кирбесе дагы АКШнын стратегиялык бомбардир учактарын атуу укугубуз бар»,-деди.

Нью-Йоркто басма сөзгө маалымат берген Ли Юн Хо: «Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп, лидерлигибиздин дагы көпкө жашай албай турганын айтып эң акырында өлкөбүзгө согуш жарыялаган болду»,-деп айтты.

Түндүк кореялык министрдин жарыясынан кийин АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) дароо жооп айтылды.

Пентагондун басма сөз катчысы полковник Роб Мэннинг, аймакта кандайдыр бир аскердик кыймылдуулук башталып башталбаганы суралганы боюнча, «Бүгүн кечинде согушууга даяр позицияга турдук»,-деп жооп берди.

Мэннинг: «Эгерде Түндүк Корея чагымчыл аракеттерин токтотпосо президентке (Дональд Трамп) Түндүк Корея тууралуу керектүү альтернативаларды сунуштайбыз»,-деп айтты.

АКШнын жерлерин жана шериктештерин коргош үчүн Пентагондун бардык альтернативаларды даяр кармап турганын баса белгилеген Мэннинг, «Президенттин Түндүк Корея тууралуу жасагысы келгенине чечим чыгаруусу жагынан эбегейсиз көп аскердик күчтү камтыган альтернативаларыбыз бар»,-деди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сарах Сандерс да, «АКШ бизге согуш жарыялады, атуу укугубуз бар» деген жарыяга сереп салып жатып, «Түндүк Кореяга согуш жарыялаган жокпуз. Мунун сунушу да кызык»,-деди.

АКШнын Коргоо министрлиги жуманын акырында АКШнын аба күчтөрүнө таандык В-1В Lancer бомбардир учактары менен аларды коштогон реактивдердин Түндүк Кореянын чек арасында учканын жарыялаган.



Тектеш кабарлар