Орусиядан Оскарга талапкер кино

Оскарга талапкер кино белгилүү болду

812216
Орусиядан Оскарга талапкер кино

Орусиянын Оскар комитети, мурда Каан кинофестивалынын калыстар тобунун атайын сыйлыгын алган орус режиссер Андрей Звягинцевдин «Нелюбовь» аттуу киносун «Эң мыкты чет элдик кинотасма» номинациясында талапкер көрсөттү.

Орус режиссер Андрей Звягинцевдин «Нелюбовь» аттуу киносу, Орусиянын Оскар комитети тарабынан «Эң мыкты чет элдик кинотасма» номинациясында талапкер көрсөтүлдү.

Орус басма сөзүнө маек куруп берген кинотасманын продюссери Александр Роднянский бул кинонун ээ болгон сыйлыктары, режиссердун наамы сыяктуу өзгөчөлүктөрдүн комитеттин чечиминде таасирдүү болгонун белгилеп: «Мунун эң мыкты орус киносу экенин айтуу мүмкүн эмес бирок Оскарды алуу мүмкүнчүлүгү эң жогору»,-деди.

12 жаштагы балдары жоголуп кеткен ата-эненин ажырашуу баянын чагылдырган «Нелюбовь» киносу менен 35-Мюнхен кинофестивалында ARRI/Osram CineMasters сыйлыгын алган болчу.



Тектеш кабарлар