Эрдоган менен Путин жолугушат
Эки лидер чогуу тамактанат
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркияга келе турган Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрь бейшемби күнү кечки тамакта жолугушат.
Президент Эрдоган БУУнун Шаарлар менен климаттык өзгөрүү боюнча атайын өкүлү жана Нью-Йорктун мурунку мэри Майкл Блумберг тарабынан өткөрүлгөн «Блумберг дүйнөлүк ишкердик форумунда» суроолорго жооп берди.
Орусиянын президенти Путин менен дүйшөмбү күнү телефон сүйлөшүүсүн өткөрө тургандарын белгилеген Эрдоган: «Бейшемби күнү кечкисин чогуу тамактанабыз. Сирияда эмнелер болуп жатканын сүйлөшөбүз»,-деди.
Эрдоган менен Путин, Сириядагы кырдаал менен катар Түркиянын Орусиядан сатып алууну пландаган С-400 абадан коргонуу системалары темасында да сүйлөшүшөт.
Президент Эрдоган Германияда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында 8-июлда Орусиянын президенти Путин менен жолугушкан болчу.
Орто эсеп менен бир саат сүйлөшкөн 2 лидер Сирия жана Ирактын алкагында аймакта болуп жаткандарды талкуулашкан.