Түркия, Орусия жана Иран делегациялары Астана жыйынынан мурунку сүйлөшүүлөрүн баштады

Астанада 14 – 15 -  сентябрда алтынчысы өткөрүлө турган Сирия тууралуу жыйындан мурда техникалык сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө.

806327
Түркия, Орусия жана Иран делегациялары Астана жыйынынан мурунку сүйлөшүүлөрүн баштады

Түркия, Орусия жана Иран делегациялары Казакстандын борбор шаары Астанада 14 – 15 -  сентябрда алтынчысы өткөрүлө турган Сирия тууралуу жыйындан мурда техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Сириядагы ок атышууларды токтотуунун кепил өлкөлөрү Орусия, Түркия жана Ирандын делегациялары даярдык жыйындарын баштады.

Түрк делегациясына тышкы иштер министрлигинин кеңешичи орун басары Седат Өнал жетекчилик кылууда.

Орусия делегациясына  болсо  В. Путиндин Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Иран делегациясына да тышкы иштер министринин орун басары Хүсейин Жабири Энсари жетекчилик кылууда.

Сириядан Башар Асад режими жана аскердик оппозициянын өкүлдөрү да катыша турган негизги жыйын басма сөзгө жабык техникалык сүйлөшүүлөрдөн кийин башталат.



Тектеш кабарлар