Йеменде балдар жетерсиз азыктанууда
Йеменде 5 жаштан кичүү 380 миң бала «жетерсиз азыктануу» маселесин жашап жатат.
Йеменде 5 жаштан кичүү 380 миң бала «жетерсиз азыктануу» маселесин жашап жатат.
БУУнун балдарга жардам фонду UNICEF Йемен өкүлчүлүгүнүн твиттер эсебинен берген маалыматында « жетерсиз азыктануу» менен күрөшүүгө мажбур болгон йемендик балдардын коркунуч астында экендиги баса белгиленди. Маалыматта : «Өлкөдөгү окуялар чыккандан мурда 2014 жылдагы маалыматтарга караганда бул сан 160 миң болгон болсо 2015 – жылы 210 миң, 2016 - жылы 360 миң, азыркы учурда болсо 380 миң деп белгиленген»,- деген сөздөргө орун берилди.
Дүйнөдөгү эң чоң адамзаттык кризистердин бирөөсү болуп жаткан Йеменде 5 жаштан кичүү 3 миллион баланын да «жетерсиз азыктануудан» кыйналгандыгы билдирилди.
БУУнун адамзаттык иштер координациясы офисинин бир отчетунда Йеменде элдин үчтөн эки бөлүгүнүн гуманитардык жардамга жана коргоого муктаж экендиги, жашоо жери, азык – түлүк, суу жана саламаттык кызматтарынын чукул муктаждыктардын арасына киргендиги жарыяланган болчу.