АКШ Түркиянын С-400 ракеталарын алуусуна санааркап жатат

АКШнын мамлекеттик депаратаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт, күн сайын болуучу маалымат жыйынында бир суроого жооп иретинде Түркия менен Орусиянын ортосундагы С-400 коргоо системалары тууралуу серебин салды.

805997
АКШ Түркиянын С-400 ракеталарын алуусуна санааркап жатат

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик депаратаментинин басма сөз катчысы Хизер Науэрт, Түркия жана Орусиянын ортосундагы С-400 ракеталык коргонуу системасынын алынышы тууралуу сүйлөшүүлөргө «НАТОго мүчө өлкөлөрдүн НАТО системаларына шайкеш аскердик материал колдонуулары маанилүү»,-деди.

Басма сөз катчысы Хизер Науэрт, күн сайын болуучу маалымат жыйынында бир суроого жооп иретинде Түркия менен Орусиянын ортосундагы С-400 коргоо системалары тууралуу серебин салды.

Хизер Науэрт: «НАТОго мүчө өлкөлөрдүн НАТО системаларына шайкеш аскердик материал колдонуулары маанилүү. Бул Орусиянын системасы, эгерде Түркия айтылганы сыяктуу С-400дөрдү алса бул стандарттарга шайкеш келбейт жана бул биз үчүн санааркатуучу абал»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити үчүн жуманын акырында барган Казакстан сапарын аяктап Стамбулга кайтып келе жатканда, «Түркия Республикасынын коргоо өнөр жайы же коргонуусуна байланыштуу көз карандысыздык принциптерин же көз карандысыздык чечимин чындыгында эч кимдин талашууга укугу жок. Биз өз көз карандысыздыгыбыз тууралуу чечимди өзүбүз чыгарабыз, өлкөбүздү коргош үчүн коргоо чараларын да, коопсуздук чараларын көрүүнү да өзүбүз чыгарууга милдеттүүбүз»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар