Шотландияда балдардын сөөгү тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды

Бул боюнча териштирүү жүрүп жатат

805293
Шотландияда балдардын сөөгү тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды

Шотландияда «Смиллюум Парк» аттуу балдар үйүнүн жанында 400дөн ашуун баланын сөөгү тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды.

«Гуардиан» гезитинин кабарына караганда 1864-1981-жылдардын аралыгында кызмат көрсөткөн балдар үйүндө 11 миңден ашуун жетим бала жашаган.

Архивдик маалыматтарга караганда жетимдер үйүндөгү балдардын көпчүлүгү кургак учук жана өпкөнүн сезгениши сыяктуу оорулардан каза болушкан.

Бирок сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн бир канча суроо жаратса полиция балдарга карай жаман мамиле жасалышы мүмкүн экени боюнча териштирүү баштатты.

2004-жылы жүргүзүлгөн иликтөөдө жетимдер үйүндөгү балдарга жаман мамиле кылынганы аныкталган болчу.



Тектеш кабарлар