UNICEF холер боюнча эскертүү

UNICEF Нигериянын түндүк чыгышындагы холера эпидемиясынан улам 1, 4 миллион кишинин коркунуч астында экендигин эскертти.

803623
UNICEF холер боюнча эскертүү

БУУнун балдарга жардам фонду UNICEF Нигериянын түндүк чыгышындагы холера эпидемиясынан улам 1, 4 миллион кишинин коркунуч астында экендигин эскертти.

UNICEFтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүк чыгышында холерадан каза болгондордун саны 28ге чыккандыгы белгиленди.

Аймакта 837 кишиге холера диагнозу коюлгандыгына көңүл бурулган маалыматта . «Холерадан улам Нигериянын түндүк чыгышында жашаган жана 350 миңи 5 жашындагы бала болуп, 1, 4 миллион киши коркунуч астында»,- деп айтылды. Эпидемиянын Боко Харам уюмунун мүчөлөрү менен аскердик бөлүктөрдүн арасындагы кагылышуулар болуп жаткан аймактан чыккандыгы жана аймак калкынын таза сууга муктаж экендиги баса белгиленди. Нигерияда таза суу болбогон элет жерлеринде холера ооруларын көп көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар