Дүйнөдө табигый кырсыктар 1970-жылдан бери дээрлик 4 эсе көбөйдү

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш, журналисттерге берген маалыматында 1995-жылдан бери эң көп табигый кырсыктар болгон өлкөлөрдүн башында АКШ турганын, андан соң Кытай жана Индия экенин белгилеп өттү.

802309
Дүйнөдө табигый кырсыктар 1970-жылдан бери дээрлик 4 эсе көбөйдү

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш, табигый кырсык санынын 1970-жылдан бери дээрлик 4 эсе көбөйгөнүн айтты.

Гутерриш, журналисттерге берген маалыматында 1995-жылдан бери эң көп табигый кырсыктар болгон өлкөлөрдүн башында АКШ турганын, андан соң Кытай жана Индия экенин белгилеп өттү.

Дүйнөдө акыркы күндөрдө АКШнын Техас штаты, Бангладеш, Индия, Непал жана Сьерра-Леонеде көрүнгөн сел жана шамалдар себеп болгон «теңдеши көрүнбөгөн окуялар» менен климат өзгөрүүсүнүн белгилүү түрдө күчөгөнүнө көңүл бурган Гутерриш, жакынкы убакта болгон селдерден мурда даярдалган отчетторго караганда быйыл табигый кырсыктардын себебинен 2 миң 87 киши каза тапканын айтты.

Гутерриш, акыркы 47 жылда табигый кырсык санынын дээрлик 4 эсеге көбөйгөнүн белгилеп 24 миллион 200 миң кишинин өткөн жылы күтүлбөгөн апааттардын себебинен жер которууга аргасыз болгонун, бул сандын кагылышуу жана зомбулуктардын себебинен жерлеринен ажырагандардан 3 эсеге көп экенине көңүл бурду.

Илимпоздордун ар бир табигый кырсыкты климат өзгөрүүсүнө байланыштырбоо темасында кылдат мамиле кылганын белгилеген Гутерриш, бирок илимпоздордун мындай ыкмадагы табигый кырсыктардын ысыган жер шарында кескин түрдө адаттагы көрүнүшкө айлана турганын божомолдогондорун айтты.

Гутерриш, «Париж келишимине толугу менен баш ийебиз. Бардык өлкөлөрдүн да мунун бир гана жасалышы керек болгон туура нерсе экенин эмес, айрыкча «жашыл экономика» келечектин экономикасы болгону үчүн эң туура нерсе болгонун түшүнө турганын ойлоодомун»,-деди.



Тектеш кабарлар