АКШда "Харви" борошосу

АКШнын Тексас аймагында  болгон «Харви» борошосу бешинчи күнүндө да таасирдүү болууда.

799143
АКШда "Харви" борошосу

АКШнын Тексас аймагында  болгон «Харви» борошосу бешинчи күнүндө да таасирдүү болууда.

Федералдык чукул абалдар башкаруусу ушул кезге чейин 30дан ашуун кишинин каза болгондугун билдирди. Борошо таасирдүү болгон АКШнын төртүнчү чоң шаары Хьюстондо изилдөө – куткаруу иштери болгон ылдамдыгы менен улантылууда. Изилдөө  - куткаруу иштерине 30 миңден ашуун аскер жана ыктыярдуулар катышууда.

Хьюстондо электр бериле албаган жерлердин бар экендигин билдирген жетекчилер айрыкча суу жана азык  - түлүк тууралуу болуп жаткан кыйынчылыктарга көңүлдөрдү бурушту.

200 миң киши федералдык жардамга кайрылган аймакта акыркы болуп  жугуштуу оору тууралуу да эскертилди. Борошодон зыян тарткан рафинериялардан улам бензин таркатууда да кемчиликтер болууда. Уурулук жана талоончулук окуялары болгон Хьюстондо түнү көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыяланды. Айрыкча суу сактагычтарда сууну кармоо көлөмүнөн ашкандыгын белгилеген жетекчилер баскыч түрүндө сууларды бошотуу иштеринин башталгандыгын билдирди.

Аймактагы куткаруу иштеринде 17 миң киши коопсуз аймактарга жайгаштырылды. Бирок ар бир саатта миңге жакын жардам чакыруусу алынууда.

Американын деңиз күчтөрү аскердик кемелери менен Тексаска суу, тамак  - аш жана жардам материалын ташый баштады. Бир тараптан дүйнөгө белгилүү көптөгөн ысым жапа чеккендерге жардам беришүүдө. Белгилүү кишилер борошодон жапа чеккендер үчүн багыш берүү менен жардам берүүгө чакырышты.

Метр квадратына 127 сантиметрдик жамгыр жаадырган борошонун чыгышы 200 миллиард доллар болору болжолдолууда.

Американын улуттук метеорология мекемеси Тексас аймагындагы таасирин жоготушун күтүп жаткан «Харви» борошосунун түштүк – чыгыш багытында  жылып Луизианада таасирдүү болорун белгилешүүдө. Аймакта «Харви» борошосуна даярдыктар көрүлүүдө. Жаңы Орлеан шаарында калк көчөгө чыкпоо боюнча эскертилди.



Тектеш кабарлар