Телаферди ДЕАШтан куткаруу операциясы

Телафердин тегерегиндеги 47 айылдан 38зи Ирак күчтөрүнүн текшерүүсү астына өттү.

797996
Телаферди ДЕАШтан куткаруу операциясы

Ирак күчтөрү түркмөн шаары Телафердин баарына жакынын террордук уюм ДЕАШтан кайра алды. Телафердин тегерегиндеги 47 айылдан 38зи Ирак күчтөрүнүн текшерүүсү астына өттү. 72 бомбалуу унаа да жардырылды.

8 күнгө созулган операцияда 370 террорист өлтүрүлдү. Аймактагы 16 миң 600 түркмөн коопсуз аймактарга жиберилди. 40 миң кишилик аскердик күч менен Телаферге жасалган операцияда 29 мааланын баары Ирак күчтөрүнүн колуна өттү. Кайра алынган жерлердин арасында Телаферде ДЕАШ террордук уюм кыйноо борбору катары колдонгон абак да бар. Телферде террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрү каршы чыккан кээ бир көчөлөрдө болсо кагылышуулар улантылууда.

Райондордон качкан террористтер 11 километр алыстыктагы Ейезийе аймагында кысмакка алынды. Ирактык жетекчилер Ейазийенин да алынышынан киийн  так түрдө жеңишин жарыялоону пландап жатат.

 



Тектеш кабарлар