Афганстанда жан кечтилик кол салуу

Кол салууда 13 киши каза тапты.

797780
Афганстанда жан кечтилик кол салуу

 

Афганстандын түштүгүндөгү Гелманд аймагында жасалган жан кечтилик кол салууда араларында жарандар да болгон 13 киши каза тапты.

Гелманд губернаторунун катчысы Өмер Зувак жан кечтилик кол салуучунун Навах районуна караштуу Дупул аймагында коопсуздук күчтөрүн ташыган унаа конвоюна жакындап келип денесиндеги бомбаны жардыргандыгын белгиледи. Зувак кол салууда 19 кишинин жаралангандыгын айтты.

Кол салууну террордук уюм Талибан моюнга алды.

 



Тектеш кабарлар