Мөңгүлөрдүн астында эң чоң вулкандык аймак жатат

Ирландиялык илимпоздор Антарктидадагы мөңгүлөрдүн астында дүйнөнүн эң чоң вулкандык аймагынын бар экендигин аныкташты.

789593
Мөңгүлөрдүн астында эң чоң вулкандык аймак жатат

Ирландиялык илимпоздор Антарктидадагы мөңгүлөрдүн астында дүйнөнүн эң чоң вулкандык аймагынын бар экендигин аныкташты.

Шотландиядагы Эдинбург университетинен илимпоздор Антарктиданын батышындагы мөңгү катмарынын 2 километр астында орун алган бул аймакта узундугу 100 – 3 миң 850 метр арасында өзгөргөн 91 жанар тоосунун бар экендигин ортого чыгарды.

Geologial Societyде жарыяланган изилдөөгө салымын кошкон мөңгүлөр боюнча адис Роберт Бингхам вулкандардын бирөөсү жарыла турган болсо дүйнөдө олуттуу абалдарды жаратарын белгилеп : “Бул вулкандардан бирөөсү жарыла турган болсо Батыш Антарктиданын мөңгүлөрүнүн тең салмактуулугу бузулат. Негизги маселе жанар тоолорунун канчалык даражада активдүү экендиги. Бул суроонун жообун эртерээк табуубуз керек»,- деди.

Аймактагы жанар тоолордун бирөөсүнүн жарылышы менен мөңгүлөр океанга түшүп ээрийт жана суунун деңгээлинин жогорулашына себеп болот.



Тектеш кабарлар